чулп
- Сууга ж.б. суюктукка бир нерсе түшүп кеткенде пайда болгон дабышты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арамзада Суумерген, / Кечпей койот кенен, деп, / Жакындатып Кененди, / Өлчөп качып чебердеп, / Кармаарына калганда, / Чылбыр бойу барганда, / Сууга түштү чулп этип, / Кеңкуланы камчылап, / Кошо түштү Кененим, / Алдындагы Кеңкула, / Жалын жайып кайыктай, / Толкуп жаткан деңизге, / Тулку бойу жашынбай, / Суумергенди ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бастырган менен көк көлгө, / Чөгүүчүдөй түбүнө, / Кирген жерде чулп этип, / Атынын мурду быр этип, / Баралган жок эч жерге, / Аш бышымча суу кечип, / Этеги сууда жайылып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Күүлөнүп алган зор Манас, / Көлдүгү менен кери жок, / Көрүнүп турса Коңурбай, / Кечпей койор жери жок, / Жардын башын кулатып, / Сууга кирди чуратып, / Таш ургандай чулп этип, / Чөгүп кетип жоголуп, / Суу көтөрүп калкытып, / Кайта чыкты коройуп, / Этектери жайылып, / Бел кырчоодон малынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраттуу тууган Гүлчоро, / Кабыландай эр Чоро, / Калкып сууга кирди эми, / Сууга кирди чуратып, / Жардын башын уратып, / Таш ургандай чулп этип, / Кирген жерде жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын калпакка толтуруп алып чыккаң суусун жигит ала коюп, арканды кое берди, бала чулп этип кайра кудукка түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →