чукул1

китептерде 56 жолу, 10 китепте
  1. Шашылыш, тезинен, кезексиз.
  2. Кескин, кыска, дароо, чукулунан.
  3. Жакын, абдан жакын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кирди тура албай, / Бактыбайга жеткенде, / Көрүп калды Бекбача, / Карасурду камчылап, / Кара ниет Калдыктын, / Көзүнөн каны тамчылап, / Бактыбайга жакындап, / Чукул кирип барганда, / Алдындагы сур атты, / Камчыланып алганда, / Кутуласың кантип деп, / Алчыланып алганда, / Татыбекти Такырбаш, / Алып кетти ат салып, / Бактыба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бактылуу сендей хан болуп, / Чукул бизге жар болуп, / Колдогон киши бар болсо, / Корко турган кеп эмес, / Куураган жанды мен айап, / Туруп алчу мен эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Арстан токум салдырып, / Бакай, Кошой жанында, / Төрткөлдөн чыкты бастырып: / Алдына киши чаптырып, / Арууке менен Көрпөйан, / Үстүнө кара жаптырып, / Айылга чукул келгенде, / Камчыны тайап бөйрөккө, / Арстан Манас көкжалың, / Боздоп турду бакырып: / — Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Акжолтой тууган берендер, / Алдымда турса… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуй… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чукул жерден жөнөп калса, сен иниңди алып келгиче тура турайын деп ошол мени күтүп турмак беле! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →