чубут
- диал. Куйту.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашага барам, деп, / Дайарланган күтүнүп, / Кененим кепке түшүнүп: / — Карыйабыз Аккубак, / Сакал-чачың баары аппак, / Болуп жаткан иштерди, / Жашырып-жаппай биз айтсак, / Тажиктердин Көкбөрү, / Ары баатыр, ары хан, / Өзү куйбу жылкыдай, / Чубут туулган адамдан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде хан Үрбү, / Калп эле күрс–күрс жөтөлүп, / Төшөктөн башын көтөрүп, / Көргөн болуп жаңыдан, / Кээкерледи Ажымды, / Жеткизе сүйлөп абыдан: / — Чубуттанган чубут кул, / Чубуттанып келдиң би?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Элди бузат куу чубут, / Күндү бузат куу булут”, / Бу элден калган макалы, / Сенин ойуң, Куткарбас, / Мен ушул болуп жатамбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кепке салып чубут кул, / Алдаганын карагын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арты-алдын ойлобой, / Арам нээт чубуттун, / Алдаганын болжобой, / Көөдөгүнө салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →