чуба
- Биринин артынан бири үзгүлтүксүз өтүү, жүрүү.
- Кандайдыр бир нерсенин жибин үзбөстөн сууруу, жандыруу.
- өт. Улам бирин, биринен сала бирин алып чыгуу, көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…рдын үнүн укканда, / Баш көтөрүп суналат, / Угулбай үнү калганда, / Баштагыдан беш бетер, / Күндүн бети тунарат, / Олтурса бир күн талаада, / Бузулду андан кол чубап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Белдүү тууган Кененим, / Кылыч сууруп алганы, / Кыйырын бузбай сулатып, / Кылычтын канын чубалтып, / Кылымдан чыккан Кеңкула, / Жагалмайдай чуратып, / Айдап кирди келгенди, / Наркы элге чуулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →