чоңой

китептерде 102 жолу, 10 китепте
  1. Көлөмү жагынан чоң боло баштоо, чоң болуп кетүү.
  2. Өсүү, өсүп чоң болуу.
  3. өт. Кеңейүү, көбөйүү.
  4. сүйл. Кызмат даражасы жогорулоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элге эркек уул керек, / Эркек уул туулганда, / Эл болот ойноп эркелеп, / Эли бакса чоңойтуп, / Бел болсо элге эр делет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул кара жүз шумурай, / Жедигер кыргыз элинен, / Туудуруп баккан атасын, / Тууп чоңойткон апасын, / Тартынбай жеген этинен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Канчоро менен Гүлчоро, / Көтөрүп жүрүп чоңойтуп, / Өзүнө окшош эр кылды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →