чоң
- Көлөмү жагынан зор, ири, кичиненин карама-каршысы.
- Мааниси, күчү, тереңдиги ж.б. жагынан бир кыйла, олуттуу.
- Абдан белгилүү, таанымал, башкалардан айырмаланган.
- Балалык доордон өтүп калган, эр жеткен, жашап калган.
- өт. сүйл. Жогорку бийлик кызматтарында иштеген адам, башкарма.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени оозуна албайт, деп, / Көөнүнө албас энекем, / Мага берер билгини, / Талашпас менден эжекем, / Атанын жүзүн көрбөдүм, / Чоң энем менен чоң атам, / Бүгүн жүзүн мен көрдүм, / Бала кезден бер жакка, / Абакем Гүлүс көргөнүм, / Биле албайым абамдын, / Кандай кеңеш берерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ак-Суу — чоң шаар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →