чочу

китептерде 53 жолу, 9 китепте
  1. Селт эте түшүү, коркуп селт эте түшүү.
  2. Шишүү, шишик пайда боло калуу, сезгенип шиший түшүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кармаса да Гүлчоро, / Үмүт үзүп жанынан, / Өзү чочуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өңүндө чочуган түс жок — камаарабайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: "Күн азыр ачык эмес беле" деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →