чорго

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Чайнектин, кумгандын ж.б. идиштердин суюктук куюлуу үчүн ылайыкталып түтүк сыяктуу жасалган бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз элден бөлүнгөн, / Алтоо болуп көрүнөт, / Найза бойу алдына, / Алты сай мөндүр куйдуруп, / Күн чагылып чартылдап, / Кулак мээни тундуруп, / Чоргосун алган көнөктөй, / Жамгыр жерге төгүлүп, / Жөө туман болуп бөлүнүп, / Тунарыктап сөгүлүп, / Аркасы ачык күн тийип, / Төбөсү тийип асманга, / Жер козголуп баскан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чоргодон аккан суу болуп, / Каны агып чыркады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ам деп / Ээрдин кесе тиштенип, / Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Колдосоң, Шоркөл, к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аңгыча болбой камынып, — / Чайнектен булоо буркурап, / Чоргосунан чыркырап, / Чайы кайнап чыкты эле, / Гүлчорону көрсөңөр, / Мына ушундай мыкты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Урманбет булардын сөзүн акылга салып, ойлонуп жаткан немедей «лам» деп сөз катпай, оттун жанында турган чоргосу сынык, кара кумгандан көзүн албай гана мелтиреп* отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →