чоп

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Өпкөндөгү, эмгендеги дабышты билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Татылданын бутунда, / Чойундан куйган чоптору, / Көтөрүлүп асманга, / Тепкели кайра жатканда, / Балта менен тамандан, / Алдыртан өөдө какканда, / Шыйрагынан Татылдын, / Бир буту сынып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тура калып Кененим, / Кабырганын тушуна, / Чоптор өтүк нөкөрү, / Чойулуп келип тепти эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аккула минип болкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп, / Көк жеке буттан чопкойуп, / Көргөнгө башка караны, / Чоң ополдой зоңкойуп, / Жалгыз чыккан арстанын, / Так токсондой топ болуп, / Кызыл жүздүү келбетүү, / Келишкен мындай жок болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чоптор өтүк такасы, / Чойулуп Алмаң тепкени, / Чортоңдогон Карагул, / Бет алдынан кеткени, / Боконо сөөгү морт кетип, / Богу көттөн шорт кетип, / Кабыргасы карс этип, / Кара оозунан кан кетип, / Жер кучактап жыгылды, / Отко башы тыгылды, / — Көтөргүн, — деп, - башыңды - / Көй кашкалар жыйылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →