чолок
- Кыска.
- Бир колу же бир буту жок, колу же буту майып.
- Куйругу кесилген же кыска, куйругу келте (көбүнчө малга карата).
- Терең эмес, кеңири эмес, үстүртөн ойлонулган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чолок ээк алаң көз, / Журт бузардын нак өзү, / Токтобой турат кылыңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калчадан найза жетерде, / (Ачалбарсты колуна, / Алган эмес бекерге), / Кайрылып Манас чапканы, / Коңурбайдын найзасын, / Кыйа чаап таштады, / Найзасы жок, кол чолок, / Коңурбай калып томолок, / Бура тартып чуу койуп, / Качты турбай коржоктоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →