чокун
- Оң колун маңдайына жана эки ийнине тийгизүү менен христиандык ырым-жырым жасоо.
- Христиан динине өтүү, баш ийүү.
- өт. Баш ийип калуу, биротоло таасирине берилип кетүү, таасиринен чыга албай калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Болбойт экен зорулук, / Буркун, буркун, буркун деп, / Турат экен чокунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көмкөрмө ээрин токунуп, / Койнунда бутка чокунуп, / Бөлүнүп чыкты тобунан, / Майданды карай чу койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Көзүн чукуп койсун, деп, / Тигилип тилек кылышып, / Тизмектелген доңуздан, / Бир миңдейин кырышты, / Өзүнчө “намаз” окунду, / Кеңдемеде буткана, / Жүз миң киши чокунду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Минген атын камчылап, / Артынан чаңын чубалтып, / Жыңзы ташын тагынып, / Койнунда бутка жалынып, / Башын уруп табынып, / Таазим кылып олтуруп, / Тоңкочуктап чокунуп, / Кара жанга күч келип, / Каардуулары бүт өлүп, / Күүлөп алып найзасын, / Катуу кирди күчөнүп, / Карап туруп Сомбилек, / Калгандарын эске алат: / “Мен кездеши…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мындан мурун бирөөлөр: «Орус сойгон эт арам болот, ал чокунуп мууздайт, жешке макирөө» дегенин уккамын.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →