чокой

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Бодо малдардын чылгый терисинен, көбүнчө баш терисинен жасалган кончу кызыл ашыктан жогорураак келген бут кийим.
  2. Кийизден (жүндөн) жасалган өтүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тикенек бассаң кирбеген / Бутуңдагы чокойго, / Кыргоол алып шумкарым, / Кирди мобу токойго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртеси таң эртең менен төшөктөн жаңы туруп, чокоюмдун боосун байлап жатсам, Мамирмазин алактап жетип келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Биз чокоюбузду чечип, батекбайпагыбызды жайып таштап, жеңилденип даяр болуп отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Ханым, мага темирден таяк, темирден чокой, түгөнбөс гүлазык таап бериңиз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →