чобур
- Асыл тукумдугу, чалыштыгы жок, тукур жылкы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байкап Тору ат тыңшаса, / Бейчеки эмес бейбаштай, / Карандай эмес балбандай, / Чобур эмес тулпардай, / Айра таанып болгондо, / Кайра тартып жөнөдү, / Таакат кылып туралбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкүмдөн Эшим кеп угуп, / Мине салып чобурун, / Чыга калып тумшуктан, / Дабытайга жолугуп, / Элебеген кептенип, / Өтө берди жулкунтуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чобур жылкы баса албайт, / Чоң күлүктүн изине, / Күлүгүм Манас сен болдуң, / Күймөлгөн чобур мен болдум, / Күйгүзүп Манас не болдуң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чобур эмес тулпарды, / Жоого минчү байагы, / Жылкыдан чыккан бууданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кара чобур жылкылар, / Калкып жүрөт кандарда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →