чирке

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Улоо, бири-бирине улай байлоо, илиштирүү, улаштыруу, улап кошо байлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элейип тура калганы, / Аңгычакты ал жерге, / Бозжорго баштап тулпарлар, / Боз-ала чамбыл чаң болуп, / Боз топурак жуурулуп, / Чиркегендей чубуруп, / Көктекенин аркырап, / Үнү келет угулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кытайдан келет көп соога, / Кара чай, жибек, жүк арткан, / Чиркеген төөлөр чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жортуулчу келген экен деп, / Ашыгып калдым мен жаман, / Аңгычакты болбоду, / Төөлөрдү чиркеп колбутуп, / Көчү чыкты аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Катарлап нарды чиркетип, / Уланбайдан жөнөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Төөлөрүн чиркеп топтошуп, / Калмактар барды Таласка, / Капкара болуп окшошуп, / Олжого келген кыз-келин, / Аа кошулган эркегин, / Төө жетелеп баргандар, / Андан калган үч жүздү, / Элиңе кайта кет, деди, / Кет десе болбой кетпестен, / Эл аралап кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →