чирик

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чириген, чирип кеткен.
  2. өт. Бекем эмес, таза эмес, ураган, кыйраганы калган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таң агарып аңгыча, / Жез барабан кагылды, / Ойдоку тоолор оңулдап, / Зоңкойгон тоолор зоңулдап, / Керме тоолор каңгырап, / Чирик жар көчүп таш кулап, / Кош кыйкырык үн чыгып, / Туш тараптан аңылдап, / Башкача болуп Йобалы, / Кызылдан чапан жамынып, / Кыйгактуу найза колго алып, / Ары баа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Тетиги турган жеринде, / Сарала таштуу жер эле, / Жалгызкөз булак суусу бар, / Чөбү чирик кур эле, / Таштап кетмек болчумун, / Чыгарып койуп бул жерге, / Эңкейип Мажик кармады, / Байлаган жипке эки сан, / Этин колдон алганы, / Бир карынга үч боорду, / Чогултуп Мажик салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й келсең жакшы эле, / Көп кечигип каласың, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Күндө көгөргөн чирик нан жейбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →