чири
- Ным болгондуктан көгөрүп бузулуп кетүү; борсуп бузулуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ык, / Кылычты шилтеп ийгенде, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баарысын, / Таарып өтүп кетти эле, / Бекбачада тору жок, / Майтору менен калды бош.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →