чил
- Кекиликтен кичирээк, боз түстөгү канаттуу, илбээсин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Амалкөй бирөө келбесин, / Кетиптир деп Бейбача, / Жазабызды бербесин, / Жаныбарды калтырбай, / Кекилик, чилдей тербесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манасты көрүп Коңурбай, / Тиштегенден тура албай, / Көмөкөйдө күркүрөп, / Чилдедеги буурадай, / Каары кайнап көзүнөн, / Заары чыгып жүзүнөн, / Бузулган самын кептенип, / Ээрдин кесе тиштенип, / Жойкумасын жойлотуп, / Алгаратын ойнотуп, / Келе …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Элүү балбан биз турсак, / Кыргоол, чилден олжо деп, / Бирди булар алат деп, / Куш жайылып келем деп, / Жалгыз кетип калганың, / Кандай болду бул жара, / Толук бизге айт, ханым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Калганы ой, тоого чилдей тарап кетиптир.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →