чийме
- Чийилген сызык; жүргүзүлгөн оюу-чийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ичегисин иймелтип, / Ийри-буйру чиймелтип, / Жарып салып кетебиз!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Испандыктын элинде, / Ала келген пили бар, / Пилдин сырын билип ал, / Жыландан бери иймелген, / Ичегидей чиймелген, / Тумшугунда темир бар, / Тумшугунда темирдин, / Ортосунда учу бар, / Учуна салган курчу бар, / Бир жагында балтадай, / Такталаган сырты бар, / Бир жагында темирдин, / Кылычтай кесер мизи бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эл ажырап бөлүндү / Ажыраган элдерде, / Ар бир сонун көрүлдү: / Ичегиси иймелген, / Сүйрөлүп жерге чиймелген, / Ичегиси чубалып, / Каны качып кубарып, / Антип жүргөн андан көп; / Колу сынып чолойуп, / Көзү чыгып олойуп, / Кулагы жок молойуп, / Денеден каны чубуруп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башынан ылдый сүйрөгөн, / Жаралуу жылан изденген, / Кочкор мүйүз чиймекей, / Колуна кагаз тийгенде, / Жаттап алган немедей, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Шабырата кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →