чие2
- Илмек байланбагандыктан кыйындык менен чечилүүчү татаал түйүн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылыч тийип канча дөө, / Кызыл чие кан болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн шаарында, / Карысы-жашы, коркогу, / Канчасын басып калыптыр, / Кулап кетип коргону, / Бооз катын калбастан, / Бала салып баарысы, / Кызыл чие кан болуп, / Абышка-кемпир, жаш балдар, / Жанчылып калды нан болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир мезгилде кызталак, / Кызыл чие кан бойдон, / Кыйкырыгы таш жарып, / Жана кирди жармашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →