чеч3

китептерде 221 жолу, 10 китепте чеч 1 →чеч 2 →
  1. Байланган, түйүлгөн нерсени бошотуу, ажыратуу, чыгаруу.
  2. Кийилген кийимди үстүнөн кайра алуу, алып таштоо.
  3. Жообун табуу, жандырмагын баяндап айтуу.
  4. Чечимге келүү, жыйынтык чыгаруу, жыйынтыгын белгилеп көрсөтүү, жүзөгө ашыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ичегиси иймелип, / Каны-жини аралаш / Жерге түштү сүйрөлүп, / Боолук салып мойнуна, / Калдык кетти сүйрөтүп, / Чакмакташтын тыш тонун, / Чечип Калдык алганы, / Кошуп алып найзасын, / Калдык кетип калганы, / Бүгүн эртең келет деп, / Калдыктын жолун тосоттоп, / Бекбача үч күн карады, / Келбегенде Бекбач… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнарды, / Коргонго… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Беккул шымын чечип колуна кармап алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин эки колумду алтымыш кулач аркан менен артыма байласа, күчүм ошондо, ошону чече албаймын, – дейт бала. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →