чечек

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Денеге ыйлаактанып, исиркектенип чыгуучу, адамды чыйрыктыра турган оор, жугуштуу оору.
  2. Тилдөө маанисинде көбүнчө балдарга карата айтылуучу сөз.
  3. диал. Байчечекей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Канаттуу учуп зыпылдап, / Абалап турган жыгачтар, / Жаңылап чечек бүр байлап, / Көбү чыгып кылтайып, / Көрүнүп көзгө бүр байлап, / Көлдөлөң күзгү күнүндөй, / Рапы мискин, Көйкапка, / Жуманын кадыр түнүндөй, / Үйдө жаткан чалд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…осон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ысык өтпөй бул элге, / Чечек чыгып чаар болбойт, / Илбирс жүрөт ар жерде, / Эти бышып катпайбы, / Бир кесимден жегенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өзүнөн бир уул болуптур, / Жашы төрткө толуптур, / Чечек чыгып чаар болуп, / Мунун өңү соолуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кеңкиреген кызталак, / Кыйкатуу найза карманып, / Тоосур менен шаңданып, / Гүлчорону кутказып, / Өтө жаман арданып, / Ачуусу келген каапырдын, / Чечек чыккан немедей, / Өңү кетти чаар айып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Шамал чыкты аймалап, / Көз уйалтып гүл чечек, / Жердин бетин саймалап, / Көк кашка суулар шырылдап, / Көк мелжеп тоолор зымырап, / Көп жаныбар кыбырап, / Көптүгүнөн кымылдап, / Көк асманда көп жылдыз, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →