чет

китептерде 177 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин чеке жагы, жээк жагы, түгөнгөн жери, уч жагы.
  2. Башка, бөлөк, бөтөн (мис. өлкө, жер жөнүндө).
  3. Обочо, сырт жак, оолак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырас болсо хан Жанай, / Бейбаштык кылган моңгулга, / Калбалашып кол салбай, / Четтен талап мал албай, / Киши өлтүрүп жан албай, / Кунун кууп өлгөндүн, / Кан ордуна кан албай, / Сага барса болбойбу, / Сени көрүп Курчун хан, / Бүгүн таба койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Кытайдан келген кызталак, / “Жалгыз кыргыз эл бузуп, / Кошуундун чети кол тарап, / Мына минтип жүргөндө, / Кандай киши жоону алат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ктеп киргенде, / Дабытай турат бакырып: / — Торчуң торуң таштагын, / Найза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет, / Аскердин алдын чубатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арбагына чет болдуң, / Айкөл бааша Манаска! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →