чер2
- Калың, жыш, чытырман токой, калың жыш чыккан бадал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачынан байлап аскандай, / Кебетеси, кешпири, / Сын-сыпаты баарысы, / Дал адамдын башындай, / Мөмөлүү жыгач чер көрдү, / Кылыч менен жара чаап, / Эки бөлүп койгондой, / Жарты адамды көп көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жырык кара уйду таап, / Жыртык үйдү артканы, / Күнөстүн черлүү токойго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кылым бурут, ушул журт, / Канаттуу уйа сала албас, / Караңгы токой чер экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →