черүү
- Аскер, кол, кошуун. Эпосто кээде жортуул, согуш маанилеринде да айтыла берет.
- Жүрүш, жортуул.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сапырылтып топону, / Сабын бузбай черүүсүн, / Сакта баштап жөнөдү, / Жоодар кайра салганы, / Кайда кетти каары деп, / Сакта менен Саранжа, / Кадигине албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Хан Манастын үйүнө, / Хандар келди чогулуп, / Залдын баары сарайда, / Сандаган черүү айылда, / Чоңдун баары борбордо, / Чогулган черүү айылда, / Кечиндеси Каныкей, / Дагы келди байагы, / Төрт баатырдын жанына, / Кеп бар айтар жадында:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колбутуп черүү кол айдап, / Жан жүрбөстүн чөлүнө, / Ат айабай жол тартты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бакырыгы баш жарып, / Акырыгы таш жарып, / Жетимиш миң көп черүү, / Түрүн көрүп капырдын, / Кылып жаткан амалын, / Сүрүн көрүп капырдын, / Гүлчоро турду муну айтып: / — Качып бербей калдаңдап, / Этек кетип далдаңдап, / Эки бут кетип салпаңдап, / Эрдемсип уруш кылбайлы, / Элди кырып барбаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →