черт
- Колдун манжаларын (көбүнчө сөөмөй менен ортонду) бармакка таяп туруп, серпип жиберүү, серпе уруу.
- Кылдуу аспаптарда (комуз, мандолинада ж.б.) колдун манжалары менен ойноо, ошондой аспаптарда кандайдыр бир күнү ойноо, аткаруу.
- Көбүнчө ордо ойнунда белгиленген тегеректин ичиндеги чүкөнү ж.б. абалак же томпой менен сыртка уруп, кагып чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Комузчулар күү чертип, / Ырчылары какшанып, / Аты чыгып нечени, / Барган сайын такшалып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кежегин чертип күү кайрап, / Дуудуунун кызы Турнанын, / Карыганда кыз болуп, / Жаш Дуудуунун алганын, / Айтып барат Алмамбет, / Көчөдө ырдап үн салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Эки ногой айрылыш”, / Эмгичекти унутпай, / Комузчулар чертиптир, / Сары ногой Орусхан, / Бул дагы кыргыз уруудан, / Убара болуп ушундан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып, чертип жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Токойдо сайраган түрдүү канаттуу куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды тууратып комуз чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →