чене
- Өлчөө, чактоо, ченемине, өлчөмүнө ылайык келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрө салып Чигитей, / Жылмыйып күлүп жиберди: / “Жыргап жаткан немедей, / Бир-бирден келген экен, — деп, / Ачылып багым ченебей!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ттуу бара албай, / Же чылбырынан ала албай, / Далдаңдап чуркап Карадөө, / Алдынан тосуп турганда, / Унчукпай бара жатканда: / — Абакебиз Семетей, / Азап тартты ченебей, / Энекеңиз Каныкей, / Алганың какшайт Айчүрөк, / Жалгызың ыйлайт Сейитек!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сайма сайып койгондой, / Сай бойунда чечекей, / Азыркысын Кеңколго, / Чыккан экен ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →