чел1
- Мал терилеринин ички бетиндеги же эт менен теринин ортосундагы жука кабыкча.
- Көзгө түшкөн ак, же көздүн карегин каптап калуучу жука кабыкча.
- Жиптеги жука бүртүкчөлөр, быдыр түкчөлөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кастык кыл деп балага, / Үйрөтүп Кыйаз киргизген, / Бакшы бүбү беш катын, / Эбин тапкан ушулар, / Урпагына айкөлдүн, / Кызматы турса ушундай, / Чечекей агып чел болор, / Унутуп калсак эске албай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…р, / Жебеден куру калганын, / Ал жебени көргөндө, / Чиктей калды туралбай, / Кайрат кылып тайраңдап, / Жебени кездеп тартаңдап: / «Чечекейдин чети, — деп, / Ак чел менен кара чел, / Аралашкан чеги, — деп, / Алыс кетсе аткан ок, / Туулгага тийер, — деп, / Туулгасы жарылса, / Кененим жаны ас калар, / Балта менен чабышса, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чечекейдин чети, деп, / Ак чел менен кара чел, / Аралашкан бети деп, / Чендеп туруп Алмамбет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Челийип көзү кызарып, / Жалгыз мүйүз башында, / Ченебей сүзүп түз барып, / Илип алып мүйүзгө, / Таштады зоону аңтарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тышта кутурган бороон карды челип, ыргытып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →