челек

китептерде 44 жолу, 7 китепте
  1. Суюк нерселерди куюу үчүн ылайыкталып жыгачтан жасалган идиш.
  2. диал. Чака.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Башы-көзү челектей, / Көзү күүгүм электей, / Жулкуш болуп ченебей, / Кызык уруш кези эле, / Эр Кененим изин кууп, / Кара кырдан ашканда, / Аз канакей кыргызды, / Кай тарапка кетт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оодарып жерден алышып, / Олпоктон орун салышып, / Эми кантер экен деп, / Оозуна суудан тамызып, / Эки ирмеп, үч ирмеп, / Кылт дегени билинип, / Бир челекче суу ичип, / Көзүн ачты тирилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →