чекте
- Чегин ажыратып белгилөө, чегин көрсөтүү, айтуу.
- Ашып кетүүгө же андан тышкары аракеттер жасоого жол коюлбастыгын көрсөтүп чек коюу.
- Белгилөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр Чиктейден күмөнсүп, / Шибе менен солондун, / Бөлүнүшү чектелди, / Муңгул, шибе, солон деп, / Уруулары жиктелди, / Майданда эли бөлүнүп, / Хан Чиктейге күч келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Качырышып бет келди, / Кимиси сайып ким алат, / Күч ортосу чектелди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / Элейип калып Коңурбай: / “Мааникерди кечээ эле / Калтырып койдук чаптырбай, / Ага кошуп чектейин, / Алманбетти аттырбай” – / Деп ойлонуп Коңурбай, / Баштап калды сөзүн жай: / — Жойгара эмес угуп кал, / Мунун аты Шыпшайдар, / Алаш уулу силерде, / Сорандыкты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Асабадан белгилеп, / Эл ортосун чектеген, / Алты күндө бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…мырды көздөшүп, / Отуз миң байдын үйлөрү, / Орду менен конду эми, / Калган кыргыз үйлөрү, / Бөксөлөй тартып конду эми, / Алыскы жерге кетпеди, / Ат жетер жерди чектеди, / Айтып койуп калган жок, / Сомбилектин кептери, / Ай аркандап, күн санап, / Чакырган элдин жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →