чекир
- Көздүн карегиндеги темгил, көлөкө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара чекир буткулдун, / Кыйалын абдан билели, / Эшиктеги жесекчи, / Каракөздү чатырга, / Киргизбе деп айталы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карасынан чаары көп, / Көзү чекир сарыча, / Ыраңы кара чочконун, / Ташбаканын түрүндөй, / Сары түгү сапсайган, / Кирпи чечен түгүндөй, / Сакал менен мурутка, / Деги темир тийбеген, / Жапайы доңуз жүнүндөй, / Жыландай өңү өтө чаар, / Сүрөтү адам болбосо, / Сөлөкөтү башка жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Чекири жок кой көздүү, / Сепкили жок ак жүздүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →