чебер

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Өз ишин мыкты билген кылдат, устат, уз.
  2. Акырын, этияттык менен, кылдат түрдө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кимиң баатыр, ким коркок, / Кимиң чебер, ким чоркок, / Бүгүн таанып билебиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жеткир күлүк чабам дейт, / Чебер өнөр табам дейт, / Эр сайышат балбан дейт, / Күрөш салат андан дейт, / Жамбы атат мерген дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каныкейдин көк торпок, / Эки энеге тел торпок, / Сайга жазып кердирген, / Чеберлерге тердирген, / Он экиден өрдүргөн, / Чоң камчы колго имерип, / Сооруну көздөй жиберип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…лбеди киши маңдайга, / Баатырдын уулу Сомбилек, / Чыканак жерге салбастан, / Таң агарды майданда, / Кастык кылып келгенден, / Атканын жазбас мергенден, / Жаага чебер кергенден, / Чапканын жазбас андестен, / Найзага чабар ыктуудан, / Балтага кыйын шыктуудан, / Кылычка кыйын кылдаттан, / Тайганы бар жетекте, / Уламдан-улам жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Колу май-да-барат иштерге чебер. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →