чаңыр
- Үнүн ачуу чыгаруу, үнүн ачуу чыгарып айкыруу, кыйкыруу, бакыруу.
- өт. Катуулоо, күчөө, катуу боло баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты хан эли ат салып, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Милтесин кызыл чоктошуп, / Зүңкүлдөтүп ок атып, / Кой чагыр атып чаңыртып, / Жердин бетин жаңыртып, / Каптап кирдиң каңгайлык, / Бактыбайдын кошууну, / Кызыл кан агып жошулду, / Кангайлыка жол бербей, / Бактыбайга кошулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акырганда чаңырып, / Алда эмине болду, деп, / Келип калды чогулуп, / Айылдын баары жабылып, / Калмакты көрүп келгендер, / Кайра басты жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куткарбастын кыйалын, / Кубул кемпир сезиптир, / Топо чачып башына, / Аңыргандан чаңырып: / — Ээ, Кулунум Куткарбас, / Бачымыраак кетип бак, / Колдо туулуп үйдө өскөн, / Өз балабыз сен элең, / Бул дүйнөнүн шумдугу ай, / Сени мен, балам Куткарбас, / Ушундай болот дээр белем?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Арбагы колдоп Манастын, / Сейтек иши оң” дешип, / Көпчүлүктүн басылбайт, / Көк чаңырган чуу-чуусу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деп чаңырган бир аялдын ачуу дабышы чыкты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →