чаңда
- Чаң көтөрүлүү, чаң чыгуу.
- өт. Чаң салуу, чуу түшүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отор өлүп кеткенде, / Эки жагын караса, / Маңдайда калың кол да жок, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Чачкандай болуп жатыптыр, / Куткарбайын бирин, деп, / Куп кыйамың келди, деп, / Тору атты бура тартыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арамзада Суумерген, / Боронбайга жолугуп, / Булкулдап ыйлап соолугуп, / Болгон кепти бүт айтып, / Апыртма кошуп күч айтып, / Жалган жерин чын кылып, / Кичинесин чоң кылып, / Боронбай болгон кепти угуп, / Бу дагы жүрдү оолугуп, / Кырк миң колун жардатып, / Топуракты чаңдатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аркасында чачтары, / Аргамжыдай чубалат, / Бол жүргүнүң, болгун, деп / Лойалары кубалап, / Арка-алды көрүнбөйт, / Алай-дүлөй жер чаңдап, / Алакандай аз кыргыз, / Келаткан элди көргөндө, / Көптүгүнө таң калат, / Таанылар элге кезегим, / Келген экен эми, деп, / Кыран Чубак шаңданат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кошуунду көрүп Сейитим: / “Кырк күндүк мөөнөт алгалы, / Бүгүн он бир күн болду, / Кара жолду чаңдатып, / Келаткан кошуун ким болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →