чаң1

китептерде 357 жолу, 10 китепте
  1. Аба менен көтөрүлүүчү же кандайдыр бир нерсенин үстүнкү бетине ылдам жугуучу жеңил, кургак, эң майда тозоң.
  2. бот. Урук байлоочу өсүмдүктөрдүн тукумдашуучу тозоңу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн сунган найзанын, / Үнү күндөй күркүрөп, / Көрүп туруп Конушбай, / Сийдиги агып дүркүрөп, / Кара жерди чаң кылып, / Качырганын ар качан, / Алып көргөн кар кылып, / Адатымча кыргызды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзү манжу элинен, / Аттанып чыкты бул чочко, / Чаңбейсен тоонун жээгинен, / Канчасы буга кошулду, / Кара кытай элинен, / Үчөө келди татаалап, / Дайындуу чыккан элинен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону көрүп Алмамбет, / Мына бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Менин атым Чаңчыкпас, / Буркураган шор менен, / Айабай жүрсөм катуулап, / Аркасынан чаң чыкпайт, / Ар кандай минсе чалгынга, / Кароолдогу эр туйбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →