чат1
- Эки буттун жамбаш менен кошулган жери, эки буттун аралыгы.
- Эки суунун кошулган жери.
- Тоонун эки салаасынын кошулушкан жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ттын баары байлоодо, / Азаматтар шайлоодо, / Кылычтын курчу мизинде, / Найзанын курчу учунда, / Балтанын сабы ыргайдан, / Бекинип мойну чыңдалган, / Чарайнасын чатынган, / Далыга калкан тартынган, / Туулгасын көмөргөн, / Сом темирин өңөргөн, / Бекемдеп белин курчанып, / Чокморун кысып такымга, / Саптуу айагын байланып, / Эркек…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эчкиликтин эки чат, / Эңиш тартып суу агат, / Арзанча адам байкабас, / Алды жагы кош кашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыз экен ургаачы, / Эркектен төмөн кор экен, / Карыга башы чатылса, / Өз теңтушу болбосо, / Ургаачыны шору экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кара буура чат калды, / Бер жактагы элдерден, / Эми бир аз эрмек айталы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Боор эти арадай, / Кош туйагы чарадай, / Азуулары болоттой, / Чаткайагы колоттой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →