чатыр2

китептерде 155 жолу, 9 китепте чатыр 1 →
  1. Кандайдыр бир нерсе сынып, жарылып же от чартылдап күйүп бараткандагыдай чыккан үндү же дабышты билдирүү же ошого салыштыра көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Деп Каракөз айтканда, / Күрс дегинче жөтөлүп, / Көкбөрү башын көтөрүп: / — Тете, Салаа, Каракөз, / Сурасаңар менден сөз, / Бир чатырда турабыз, / Жоголушуп бетме-бет, / Кек алар болсоң кыргыздан, / Кезеги мунун келген кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чатырың тигип жайланып, / Тойгузуп курсак чайланып, / Андан кийин, келгендер, / Ким экениң билдиргин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сакта менен Саранжа, / Унаадан жүгүн түшүрүп, / Чатырын тигип күтүнүп, / Кеңеш кебин бүтүрүп: / “Жекелешип баралы, / Жеке уруш салалы, / Пил болсо да бу чакка, / Чаалыккандыр Кененим” / Каңгайдын көрүп байрагын, / Жоодар сайды бир жерге, / Кененимдин желегин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Андан бери карасам, / Чатырды көрдүм талаадан, / Кетейин деп жөнөсөм, / Туш-тушумдан ат койуп, / Адамдар чыкты аламан, / Сийдигим булут айланып, / Куурулуп калды заманам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →