чаты

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Иретсиз чалып байлоо, илиништирүү, туш келди ороп, чырмоо.
  2. өт. Кандайдыр ишке, абалга ж.б. дуушар болуу, чалынуу.
  3. Иреттүү, ырааттуу сүйлөбөй, ар кайсынын башын бир айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атам тордо чатылуу, / Бийикте турса асылуу, / Колун артып мойнуңа, / Ким жатат сенин койнуңа?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көкүмдөн угуп чолто кеп, / Чолокту минип желгемин, / Суусамырдын чатында, / Артынан жете келгемин, / Байкап билдим бар сырын, / Бизге салчу чоң чырын, / Дабытайдын өзү экен, / Өзү эмес кара көзү экен, / Анык билдим ич сырын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аты болот Айбалта, / Жана бирди жасаймын, / Найза кагар кол балта, / Бел кемерге чатылуу, / Бирге жүрөт ал балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…өң, / Жорголой басып кылтылдап, / Алты асый болуп толгон кез, / Май соорусу былкылдап, / Маңдайында ай кашка – / Тумарчасы жаркылдап, / Азуусу тутам аркайып, / Чаты колот чалкайып, / Куйушкандын кошкону, / Боз секидей даңкайып, / Чалкалаган чоң Кыйаз: / “Тооторум болбой минген, — деп, / Эрлигим менин бекер, — деп, / Катынг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Туулга башта чатылуу, / Чарайна белде тартылуу, / Калканы жондо артылуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →