чатак

китептерде 50 жолу, 9 китепте
  1. Чыр, талаш-тартыш, жаңжал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…атып, / Агыштын ушул айтканы: / — Күйөө болуп, кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйгө эле эмес талаага, / Чатак кылса чуу салчу, / Жети кыраан балага, / Ылайыктуу нерсеңди айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алты айга жетет, — деп, / Аңгыча элдер кетет” – деп, / Аш берем деп эл жыйды, / Чатак салган жандарга, / Айагында сыр кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →