чар2

китептерде 38 жолу, 9 китепте чар 1 →
  1. Көбүнчө ысык металлдарга суу тийүүдөн чыккан дабышты же кандайдыр бир кулакка жагымсыз ачуу чыккан дабышты билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желпилдетип туу сайбай, / Чар тарап аскер тараса, / Саадагын илип мойнуна, / Колун алып бооруна, / Биз жакты аскер караса, / Хандары качып кеткенби. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошо күнү чаршемби, / Чаршемби агы болор, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жесекчилер жол тосуп, / Чарлап жүргөн шаар четин, / Көрө салып жесекчи, / Беш кишинин келгенин, / Алдынан барып жолугуп, / Сүйлөшө албай кеп угуп, / Жесекчи менен беш кыргыз, / Шаарга келди чогулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылдап, / Шамалда учкан чар карка, / Чөкө таандай чаркылдап, / Малайларын башкарган, / Кожойундай бартылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карындын оозун ачканы, / Көзү көрдү Сомбилек, / Карында жаткан чөп чарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →