чарча
- Чаалыгуу, алы, күч-кубаты кетүү, шайманы кетүү.
- өт. Өлүү (көбүнчө жаш балдарга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чамасы кетип, так чарчап, / Чакчелекей ал Көкөй, / Баласынын сандыгын, / Барып ачып карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алда канча алп менен, / Айыгышып чарчашты, / Арыды бекен Кененим?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аттар чарчап болокшуп, / Эр чарчадык окшошуп, / Бүгүндөн башка тогуз күн, / Урушту койуп токтотуп, / Атты суутуп минели, / Бой сергитип келели, / Кимдин багы артылат, / Андан кийин көрөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деди чарчаган түр менен кабагын чытып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аңгыча эки өгүзү чарчап калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →