чарт
- Кубулуштун же, кандайдыр бир нерсенин тез болгон дабышын же кескин кыймыл-аракетти билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аган, / Кылычка андес бардан, / Кырк – элүүдөн кишини, / Катар чаап таштаган, / Өзү кытай элинен, / Укмуштуу чыкан жеринен, / Мала кашка ат минип, / Ат куйргун чарт түйүп, / Көккө шүйүп көкүлүн, / Күркүрөтүп найзасын, / Сайып көнгөн канчасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…рып, / Кара нөшөр күн куйуп, / Мойну ылдый суу агып, / Тиктеген кирпик ирмелбей, / Күн карсылдап чагылып, / Чакмак чагып жаткандай, / Жер силкинип калчылдап, / Чарт айрылып аткандай, / Тоо козголуп калтылдап, / Таштар кулап жаткандай, / Көл чайкалып дүрүлдөп, / Кургак жерди баскандай, / Сел келип кыйан бууланып, / Жер бузу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каркап кырк миң кол баккан, / Кагышканда кан аккан, / Кырмусшаанын Мурадил, / Кызыл жээрде ат минген, / Кыл куйругун чарт түйгөн, / Кароолчу эле бир чети, / Ханга ылайык келбети, / Турган экен бул айбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Көк карышкыр жолукса, куйругумду бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей баштабайбы!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошенткенде кара таш чарт тең бөлүнөт, бирок ичи курт-кумурскага жык толгонун көрүп, ага көмбөй андан ары кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →