чарпы
- Чапчуу.
- Жете чайпалуу, жете кайтуу, толкуп жайпай берүү, каптоо (көбүнчө суу, көл ж.б. карата).
- Азаюу, кемүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туурасынан келгенин, / Чарпып тартты Майтору, / Алтымышча көп дөбөт, / Көмөлөнүп торойду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Ор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…деп, / Карап калып далайып, / Каргылданып муңайып, / Оң жагына толгонуп, / Ок тийгендей дыңылдап, / Сол жагына толгонуп, / — Кана, бала Абдылдам, / Болбос ишке чарпылып, / Келгенде сенин пейлиң бар, / Түшкө кирсе корккондой, / Калың малдын кеби бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чарпылдактын четине, / Төрт эли кундуз кармаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эби келсе Сомбилек, / Армансыз моңгул камынды, / Болбос ишке чарпылба, / Калдуубет кайда барганын, / Айтайын бүткүл бар жайын, / Жашырбай айтсам чынымды, / Атын токуп Калдуубет, / Барганда кошо баргамын, / Чоң Ойрот болуп жарадар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондуктан жайлоодо болсун, жакада болсун элдин кары-жашы дебей эрмеги да ушул болуп, эртели-кеч бир дөңгө жыйналып алып, ар кылымдын башын чарпып аңгемени ушундан козгойт да жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →