чарда
- Чурулдаган добуш салуу (бакага карата).
- Сайроо.
- өт. Шат-шайыр жүрүү, жыргоо, куунак болуу, сайрандоо.
- өт. Кыдыруу, жер чалуу, байкоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттанып үйдөн жөнөйүн, / Эл аралап, жер чардап, / Ат жетер жерге барайын, / Капыр менен мусулман- / Ай менен күндүн кулагын, / Тийиштирип экөөнү, / Тамашага канайын, / Атактуу Манас көк жалды- / Айкөл шерди баш кылып, / Алты эске алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атым Жоодарбешим мен, / Келе жатсам бул жерде, / Четин чардап элимдин, / Мени менен кез болду, / Калдагай кулак Чойун алп, / “Бар кыргызды түгөтүп, / Келатам” деп кан жалап, / Аңгычакты аркадан, / Кененим жетти кубалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
угуп камынып, / Ач бөрүдөй жаланып, / Аскер жыйнап саналып, / Аттанмак болуп камданып, / Каңгайдын бөктүр жеринен, / Кош ат менен чаптырып, / Кароол карап жол чардап, / Карап жүргөн белинен, / Кырмуз шаанын Мурадил, / Аны кошо алдырып, / Каткалаңдын Сайкалга, / Ингенде жаткан капкайда, / Эптүүдөн киши жиберип, / Аны дагы та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алда кайда бир алыстан баканын чардаганы угулат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →