чарба
- Белгилүү бир коомдун өндүрүш мамилелеринин жыйындысы, өндүрүш жолу.
- Өндүрүш, экономика, өндүрүш үчүн бардык керектелүүчү нерселердин жыйындысы.
- Кандайдыр бир өндүрүштүн жабдуулары, шаймандары, мүлктөрү жана курулуш жайлары ж.б. жалпы жыйындысы.
- Үй тиричилигине байланыштуу иштер, оокат-тиричилик.
- Мал багуучулук, мал өстүрүүчүлүк.
- Мал багып, мал өстүрүүчү.
- Мал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…у кыргыз бул кезде, / Кылгылыкты кылам, дейт, / Кылычтан бирден өткөзүп, / Бир кумардан чыгам, — дейт, / Каратып туруп көзүнө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбагын тартып жулам, — дейт, / Каңгайга чейин барам, — дейт, / Калтырбай элди чабам, — дейт, / Түгөнгүс арман муң кылып, / Тумтак түндү сала…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Адырга батпай төр-төрдө, / Ар жерде жатат чарбайың, / Эчтемеңиз кем эмес, / Алдыңда минген бар тагың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канкордун эле ардагы, / Артык эле арбагы, / Кыргыздын эле чарбагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →