чапчы

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Айтышуу, беттен алуу.
  2. Апчып алуу, апчып кармоо, аткып кармоо.
  3. Эки астыңкы буту менен жерди апчый тартуу (көбүнчө жылкыга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Учкаша минип Тору атка, / Качып катын кеткени, / Манжу, моңгул чоңуна / Кабар айтып жеткени, / Айбан да болсо Майтору, / Билип турат көзү ачык, / Сүйлөйүн десе тили жок, / Арамдыктан сөз ачып, / Жакындап катын барганда, / Кошкуруп калды жер чапчып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайган айчык кызыл туу, / Чапчый колго кармады, / Чуу болот деп айылда, / Бастырып жөнөп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / Кекенишип жармашып, / Багалектен бурушуп, / Этектерин түрүшүп, / Далыдан чапчый кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Бирин- бири жыга албай, / Айнектей түзгө дардайтып, / Андан амал таба албай, / Бирин бири алалбай, / Аттарына жармашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айуусу муздун жээгинде, / Балтырканды кемирип, / Чээнге кирчүү жеринде, / Топосун чапчып жеп жатат, / Суур койбой ийинге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
– Сагызганды барып чапчы, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →