чапта

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Бүтөө, бекитүү, бүтөп таштоо.
  2. Жабыштыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ортосунда Бекбача, / Сарала атчан, сары сакал, / Кара бойун чаптаган, / Карк алтынга каптаган: / Оң жагында бирөө бар, / Темир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эп келер эле чаптаса, / Эркин атам бай жакка, / Көкөйдөн угуп бул кепти, / Түшүнбөй силер калдыңар, / Мен боломун чоң капа! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайран Агыш талыбай, / Каршы алдына келгенин, / Кара жерге чаптатып, / Бир кезде калды бет маңдай, / Күнжаңжүнгө капташып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ичине темир чаптаган, / Тышкы бети баары түк, / Парбар тери каптаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Душмандан кастык болот, деп, / Кандагай менен каптады, / Кара бойум чаптады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →