чапан

китептерде 106 жолу, 9 китепте
  1. Көбүнчө этеги тизеден ылдый, узунураак тигилген жылуу сырт кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тасы эзип суу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошондон бери карата, / Жүзүн көрөм деп жүрдүм, / Артык Семей жетимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →