чанач
- Кымыз, айран сыяктуу суюктуктарды куюп алып жүрүү үчүн колдонулуучу эчкинин туюк союлган терисинен жасалган идиш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арам кыйал кара ниет, / Байлоодогу Бактыбай, / Башын кесип алам, деп, / Чаначтай көөп дардаңдап, / Таноосу батпай барбаңдап, / Манжу Бодоң баратат, / Мен кесейин башын, деп, / Жедигердин Кара көз, / Бир жагынан келе атат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Камдап койгон Каныкей, / Керектүүсүн бүт алып, / Кансыраган экен, деп, / Чаначка куйуп артынып, / Жылаңач уйдан сүт алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чаначтай көөп дардайып, / Элге батпай эр Чанак, / Жер кучактап жатканбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көтөрбөс минген атым, деп, / Керктен бирди тапкын, деп, / Керкти минип далдайып, / Кара тоодой калдайып, / Чаначтай көөп дардайып, / Таноолору барбайып, / Бүткөн бойу далдалап, / Курсагы чыгып чардайып, / Кетүүчүдөй талкалап, / Жетип келди чалкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →