чанак
- Көздүн чарасы.
- Өсүмдүктүн буласын каптап турган кутуча, кабыкча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сагагын илип бекитип, / Баса минип сур атка, / Белин тартып мекийип, / Чанагынан чыкчудай, / Ирмебей көзү чекийип: / “Каалгадай белестен, / Карап турсам калдайып, / Туу белде турсам далдайып, / Баспаган атка шылтоолоп, / Күдүңдөп жүрө бербе…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Манастын атын укканда, / Тиктеди капыр акыйып, / Чанагынан чыкчуудай, / Эки көзү чакыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Азаматтын баарысын, / Араба менен чанага, / Жумушкер кылып бүт алды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызталак кыргыздын, / Кылбаганы калбады, / Сен кеткен соң куу чөлдө / Эр Тартакты жалмады, / Амалым кетип мен качтым, / Акылыман чын шаштым, / Мээ кайнаган күндөрдө, / Көзгө сайса көрүнгүс, / Ай караңгы түндөрдө, / Адам баспас жол бастым, / Эми Сейит жетээрде, / Зор Чанакка жанаштым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →