чамын

китептерде 73 жолу, 10 китепте
  1. Жулунуу, жулкунуу, атырылуу.
  2. өт. Алга умтулуу, тездик менен алга жылуу.
  3. Камынуу, даярдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ыр, / Ат жеткизди аңгыча, / Ат келгенде Чакмакташ, / Ыргып минди атына, / Кайрып бутун байланды, / Канжыгага жанына, / Найзаны күүлөп сундуруп, / Качырып кирди чамына, / Кудай бетин салбасын, / Таңгуттар чыдап тура албай, / Чакмакташтын каарына, / Казан асса бороктоп, / Кайначудай көрүнөт, / Көзүнөн чыккан жалынга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…т эми — деп, / Алмамбет, Сыргак, Чубагы, / Кол артына кетти” — деп, / Каапыр Коңур камданып, / Алгара минип шаңданып, / Арстан карай бет алып, / Ат койуп калды чамынып, / Ошол кезде айкөлгө, / Калган экен алты тор, / Кара бойго чалынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртең менен Гүлчоро, / Атка минди жан ачып, / Гүлчорону көргөндө, / Кутургур турат чамынып, / Белгиси экен бетпактын, / Чыккан экен ал күнү, / Үстүнө сары жамынып, / Буу белгиси келүүчү, / Бу белгиси келгенде, / Беттешкен бенде кутулбай, / Кара жерге кирүүчү, / Топурак болуп чиричү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылычын тартып кынынан, / Бурдатып чаңды кыйрынан, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Манастап ураан чакырган, / Кайта кирди чамынып, / Ал Ойротко кабылан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →